Балыкчыдагы жол кырсыктан ата-энесин жоготкон бала Жумабековдун операциясына муктаж

20 июль 2020 17:13 5838 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Балыкчы шаарындагы каттуу жол кырсыктан улам ата-энесин жоготкон бала Сабырбек Жумабековдун операциясына муктаж. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматчысы Эльмира Мадиеванын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип
"Барометр" билдирет.
Эскерте кетсек, 9-июлда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы каттуу жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен айдоочусу (атасы), аял киши (апасы) жана жаш бала жеринде жан берген. Ал эми калган эки уул жана бир кызы оор абалда Балыкчы шаарынын ооруканасына жеткирилген.
“Кечөө 19-июлда алардын бир уулу Канатбек уулу Темирлан (18 жашта) каза болду. 8 жаштагы кызынын абалы канааттандыраарлык. Ал эми экинчи уулу Канатбек уулу Русландын (17 жашта) абалы оор. Анын кабыргалары сынып, өпкөсүнө катуу доо кетип, улам суу толуп жатат, - деп айтылат маалыматта.
Жаракат алган балдардын чоң апасы жардам сурап акыйкатчы Токон Мамытовко кайрылган.
“Акыйкатчы тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине кайрылуу кат жөнөтүлүп, кырсыктан жабыр тарткан үй-бүлөгө жардам берилди”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда Канатбек уулу Русландын абалы оор болуп, Балыкчы шаарынын доктурлары Бишкекке алып барып операция кылууну сунуштап жатышат.
“Русландын туугандары атактуу зирург Сабырбек Жумабековдон үмүт артып отурушат. Качан “Бишкекке келе бергиле”, - деп жооп кылса эле алып барат элек дешип. Балыкчынын врачтары дагы “Бишкекке алып барганыңар туура болмок”, - деп атышыптыр. Урматтуу Сабырбек Артисбекович, бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу калды. Анын өмүрүн улоо сиздин колуңузда болуп турат. Өлкөдөгү азыркы кыйын кырдаалга карабастан, тез аранын ичинде кайрылууга реакция кылып, Саламаттык сактоо министрлиги менен бирдикте жардам бересиз деген ишеничтебиз”, - деп кайрылды Токон Мамытов.
Ошондой эле, жол кырсыгына кабылып, ата-энесинен айрылган балдарга жардам берүүгө даяр инсандар болсо төмөндөгү номурларга чалыпкөмөк көрсөтсө  болот. Русландын чоң апасы -Токтосунова Кулия (0700 090 621). Русландын эжеси Канатбек кызы Мээрим (0509 141 491).

Ссылка: https://barometr.kg/dastan-zhumabekov-rafael-fizievdi-zheishi-menen-kuttuktady



Добавить комментарий