Дастан Жумабеков Кытайдын парламентине жана спикерине көңүл айтты

13 февраль 2020 17:11 743 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин төарагасы Дастан Жумабеков Кытайдын парламенти менен төрагасына коронавирустан улам каза болгондорго байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Жумабеков өз сөзүндө кытайдын бийлиги бул дарттын алдын алуу боюнча болгон аракетин көрүп жатканын жана анын жыйынтыгы жакшы болоруна ишенерин белгиледи.

“Кытайга биз дос, коңшу мамлекет катары жардам берүүгө, алар менен бирге болууга дайым аракетибизди жасап келебиз”, — деди ал.

Белгилей кетсек, Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус миңдеген адамдын өмүрүн алып, он миңдеген кишилерге жукту.


Ссылка: https://barometr.kg/dastan-zhumabekov-kytajdyn-parlamentine-zhana-spikerine-kl-ajtty



Добавить комментарий