Дастан Бекешев 77 депутаттын декларациясы боюнча маселе чыгып жатканын айтты

15 январь 2020 10:05 1419 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев учурда 77 депутаттын тапшырган бирдиктүү декларациясы боюнча маселе жаралып жатканын айтты.

Бүгүн, 15-январда, Жогорку Кеңеш жаңы жылдан кийинки биринчи жалпы отурумга чогулду.

"77 депутат тууралуу маселе чыгып жатат. Бул парламенттин жарымынан көбү боюнча сөз болуп жатат дегенди түшүндүрөт. Менимче көбүнчө техникалык ката кетирилген. Карап чыгалы, эмнеге Башкы прокуратура ошону чукулап жатат? Биз дагы ошону карап чыгалы, туура болсо туура дейли, туура эмес болсо чара көрөлү", — деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/dastan-bekeshev-77-deputattyn-deklaraciyasy-boyuncha-masele-chygyp-zhatkanyn-ajtty



Добавить комментарий