Россияда дарылардын баалары көтөрүлүшү мүмкүн

24 сентябрь 2020 12:59 1247 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жакында суук мезгил келет. Аны менен бирге эксперттер дары-дармектерге баанын өсүшүн божомолдошууда. Ар кандай божомолдор боюнча, октябрдын башында алар 1,5-2% га көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу LIFE агенттиги жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Россияда дары-дармектердин баасы валюта курсуна абдан көз каранды. 

Андан тышкары, пандемиянын башталышы менен, дары-дармектерди импорттоонун ролу жогорулады. 2020-жылдын апрель айында анын көлөмү мурунку айга салыштырмалуу 37% га, май айында дагы 17% га өстү, деди талдоочу.  Демек, рублдин төмөндөшү сөзсүз түрдө дары-дармектерди сатып алууну кымбаттатат жана дарыканалардын бааларына таасир этет.

Адистердин айтымында, доллар менен евронун өсүшү менен дары-дармектер жалпы инфляцияга караганда бир топ кымбаттайт.

"Босналлек" фармацевтикалык компаниясынын Евразия бөлүмүнүн башчысы Валентина Бучнева белгилегендей, көпчүлүк өндүрүүчүлөр суук мезгил башталгандыгына байланыштуу дары-дармектердин бааларын көтөрүүнү пландаштырбайт. Ошентсе да, тармакта көптөгөн популярдуу дары-дармектерге болгон баалар көтөрүлүп кетиши мүмкүн деген кооптонуу бар. Алар күз айында жарандар арасында көп катталуучу курч вирустук инфекциянын күч алышы менен гриппке каршы дары-дармектер кымбатташы мүмкүндүгүн айтты.

Eapteka компаниясынын башкы директору Антон Буздалин жалпысынан дары-дармектин баасы көтөрүлбөйт деп эсептейт.

“Адатта, дарыкана тармактарынын ортосунда трафик үчүн айыгышкан атаандаштык бар жана ушул күздө кырдаал өзгөрбөйт. Фармацевтика рыногу валютадан көз каранды. Бул бир нече факторлорго байланыштуу. Фармацевтика рыногунда атаандаштык жана суроо-талап көп болгонуна байланыштуу баалар да бат-баттан өзгөрүп турат. Айрым бир жагдайларды эсепке алганда дары-дармекке болгон баа бир аз өсүшү мүмкүн”, -деп айтты адис.

Ссылка: https://barometr.kg/darykanalar-baalardyn-ktrlshn-ktp-zhatyshat-oktyabr-ajynda-kandaj-dary-darmekter-kymbattashy-mmkn



Добавить комментарий