Дарыгерлердин тартыштыгынан улам канайым дагы жумушка чыкты

17 апрель 2020 16:13 1031 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Швециянын канайымы София Хелльквист Стокгольм шаарындагы ооруканалардын биринде дарыгерлерге жардам берүү үчүн жумушка чыкты.

Daily Mail басылмасынын жазышынча, ооруканада жумушка чыгардын алдында ал эки жума боюнча атайын даярдоочу курстан өткөн. Эпидемиядан улам мындай окууну жума сайын 80дей киши аяктап жатат. Алар дарыгерлерге жардам берип, алардын жеңилин жерден, оорун колдон алууда.

Канбийкенин дарыгерлерге жардам берип иштеп жаткан сүрөтүн падышчалыктын маалымат кызматы таратты.

София Хелльквист Швециянын падышасы Карл Филиппиндин аялы. Ал падышачылыктын тарыхында катардагы жарандын катарына кошулган биринчи учуру. София Карлга турмушка чыкканга чейин модель жана реалити-шоулардын катышуучусу болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/darygerlerdin-tartyshtygynan-ulam-kanajym-dagy-zhumushka-chykty



Добавить комментарий