Дарыгерлер бийлеп, акыркы бейтапка гүл берип, башына жоолук салып узатышты (видео, сүрөт)

18 август 2020 10:27 2326 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Бишкектеги Кыргыз темир жолу ооруканасынын дарыгерлери коронавирус илдетинен сакайган акыркы бейтапты өзгөчө шаң менен үйүнө узатышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтына таянып «Барометр» билдирет.

Жеке коргонуучу каражаттарын кийген дарыгерлер бийлеп, акыркы бейтапка гүл берип, башына жоолук салып узатышты. Өз кезегинде айыгып чыккан карыя медиктерге таазим этип, батасын берди

Аталган медициналык мекеменин башкы дарыгеринин орун басары Ирина Шевцова: 

“Улгайган бейтап биздин ооруканага 6-августта түшкөн. Бишкек шаарынын тургуну COVID-19 илдетине кабылып, эки тараптуу пневмония болгонун аныктадык. Анын абалы орто болчу. Курагы 80ге кирип калган карыя биздин дарыгерлердин жардамында илдетти жеңип, 15-августта салтанаттуу түрдө үйүнө чыгарылды”, - дейт бейтапкананын башкы дарыгеринин орун басары.

Азыркы учурда оорукана кадимки тартипте иштеп, өз профили боюнча бейтаптарды кабыл ала баштады.

Ссылка: https://barometr.kg/darygerler-bijlep-akyrky-bejtapka-gl-berip-bashyna-zhooluk-salyp-uzatyshty



Добавить комментарий