Дарыгер рак оорусунун "биринчи коңгуроосу" болушу мүмкүн болгон симптомду атады

16 октябрь 2023 08:19 1520 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Рак оорусунун өнүгүшүнүн биринчи эскертүү белгиси дененин ар жеринин ооруксунтуусу болушу мүмкүн. Бул тууралуу онколог дарыгерлердин кеңешине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Адис "дени сак адам оорубайт" деп баса белгиледи.

Көптөн бери кыйнап, дары ичкенде басылбаган баш оорусуна чыдап жүрүүгө болбой турганын айтты.

Ошондой эле, ичеги-карын трактынын бузулушу жана теридеги өзгөрүүлөр коркунучтуу шишиктердин пайда болгонун билдирген белги болушу мүмкүн.

“Эң маанилүү нерсе - бул алдын алуу, ден соолукка кам көрө билүү. Бул деген жөн гана арак ичүүнү жана тамеки чегүүдөн баш тартуу эмес, спорт менен машыгууну баштап, ден соолукка кам көрүү керек", - деп кеңеш берет дарыгерлер.

Дарыгерлер кошумчалагандай, рак биринчи стадиясында симптомдору жок, эч кандай белги бербейт. Онкологияга кабылганда тынымсыз чарчоо, узакка созулган дене табынын көтөрүлүшү, ангина, исиркектер, дененин бир жери кесилсе узакка айыкпайт жана өзгөчө суюктук бөлүнүп чыга башташы менен көрсөтүлөт. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/daryger-rak-oorusunun-birinchi-koguroosu-bolushu-mmkn-bolgon-simptomdu-atady



Добавить комментарий