Дароо сууктай баштады. 14-ноябрга карата аба ыйрайы тууралуу маалымат
Бөлүшүү:
14-ноябрь күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар жаап, тоо этектерине жана тоолуу райондоруна кар түшөт. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" борбору берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында 0..+5°
Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарында +3-8°
Нарын жергесинде +2-7°
Бишкек менен Ош калаасында жамгыр, кар жаайт. Абанын температурасы борборубузда +3-5° Ошто +6-8°көрсөтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/daroo-suuktaj-bashtady-14-noyabrga-karata-aba-yjrajy-tuuraluu-maalymat
Добавить комментарий ×