Дамирбек Асылбек уулунун абак мөөнөтү узартылды

16 август 2018 19:35 916 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун абак мөөнөтү узартылды. Алмата шаарынын соту билдиргендей, ал 15-октябрга чейин тергөө алдында болот. 

Эске салсак, 19-февраль күнү Казакстандын Башкы прокуратурасы аталган өлкөнүн чек арага жакын аймагында контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракетти күчөтүү, бажыга байланыштуу тармагындагы укукка каршы ишмердүүлүктү токтотуу максатында атайын операция жүргүзүлгөнүн билдирген. Жыйынтыгында 35 шектүү адам кармалып, анын ичинде 3 Кыргыз жараны бар. Анын бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу экендиги тастыкталган. Кармалгандар Кытайдан Казакстанга, ошондой эле Кытайдан Кыргыз мамлекети аркылуу Казакстанга көмүскө схемалар жана жасалма документтер менен товар киргизүүгө шектелип жатышат.  Буга чейин Алматынын соту Кыргызстандын жарандары: Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулунун, Уланбек Мурадиловдун жана Эмилбек Көчөрбаевдин камак мөөнөтүн 15-июлга чейин узарткан болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/damirbek-asylbek-uulunun-abak-mnt-uzartyldy



Добавить комментарий