Дайыр Исмадияров менен Аваз Акимов авиакырсыка кабылып аман калганын жазып чыкты
Кечээ, 1-март күнү ырчы Аваз Акимовдун туулган күнү болуп өтүп, көпчүлүк аны бул күн менен куттукташты. Дайыр Исамадияров бир жыл мурда кырсыка кабылганын айтып, бул күнү мен да туулгам деген эскерүүсүн айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграмдагы жеке баракчасына жазып чыкты.
Ырчы Аваз Акимов менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, ага:
"Туптуура бир жыл мурун дал ушул күнү Аваз Акимов иним сенин туулган күнүңдө, эс нерседен кам санабай ушул сүрөткө түшүп Бишкек-Баткен каттамы менен асманга көтөрүлдүк эле. Жашообузда чоң сыноо болду десем жаңылбайм. Кыршык каш кабактын ортосунда экенине дагы бир жолу ынандым. Бир заматта асманда учуп бараткан учактын сол канатындагы матору күйүп, авариялык абалда кайра Бишкеке конгонбуз. Ошол күн, тагыраагы 1-март сенин гана эмес менин да туулган күнүм болуп калды. Ошондуктан туулган күндөрүбүз менен", -деген өзгөчө куттуктоосун жазды.
Ырчы чоң кырсыктан аман калганын дагы бир жолу айтты. Буга көпчүлүк "Кудайым жашасын дептир да" деген өңдүү пикирлерин жана каалоолорун жазып калтырышууда.
Эске салсак, 2018-жылдын 1-мартында Манас аэропортунан Бишкек-Баткен багыты менен учкан учак абага көтөрүлгөндө сол канатынын матору күйүп кайра конууга аргасыз болгон. Жабырлануучулар катталган эмес.
Добавить комментарий ×