Дайынсыз жоголгон 2 жашар кыз чуңкурдан табылды
Бөлүшүү:
2018-жылдын 10 – август күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылындагы “Дача-Лира” тилкесинде А.Н. аттуу 2 жашар кыз дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн. Бул туурасында ӨКМ билдирет. Издөө иш-чараларына Чүй облусунун ИИМнен бардыгы болуп 60тай кызматкерлер катышкан. Жыйынтыгында куткаруучулар саат 10:20да кызды чуңкурдан тирүү табышып, ата-энесине өткөрүп беришкен. Берилген маалыматтарга ылайык кыздын абалы канааттандыраарлык.
Ссылка: https://barometr.kg/dajynsyz-zhogolgon-2-zhashar-kyz-chukurdan-tabyldy
Добавить комментарий ×