"Дагы мигранттар". Москвада курулушчулардын ортосунда массалык мушташ орун алды

24 апрель 2021 10:08 1489 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москва районунун Сосенский айылында курулуш иштеринде эмгектенген 20 балынын катышуусунда массалык мушташ болду. Бул тууралуу соцтармактарга жарыяланган видео материалга шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Орусиянын айрым маалымат агенттиктеринин маалыматына караганда, мушташка катышкан курулуш жумушчулары мигранттар болушкан.

Интернетке жарыяланган видео материалдын алдына жазылган маалыматта, чыр-чатак жумушчулардын бири башка жумушчу топ тарабынан жаңы салынган таза ламинаттын үстүнөн кир бут кийими менен басып кеткенден улам башталган.

Чыр массалык мушташка айланып, жумушчулар бири-бирин союулдар менен сабай башташкан. Мушташ учурунда алардын арасынан бирөөсү травматикалык тапанча алып чыгып, атып жиберген. Ок бир жумушчунун башына тийген. Дагы төрт жумушчу баштарынан ар-кандай жаракат алып медициналык жардамга муктаж болушкан.

Окуя болгон жерге келген тез жардам кызматы башынан ок жеген жумушчуну ооруканага алып кеткен.

Ссылка: https://barometr.kg/dagy-migranttar-moskvada-kurulushchulardyn-ortosunda-massalyk-mushtash-orun-aldy



Добавить комментарий