Дагы эки депутаттан коронавирус аныкталды
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин дагы эки депутатынан коронавирус табылды. Бул тууралуу Парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулуна таянуу менен «Барометр» билдирет.
"Дагы эки ЖК депутатынан COVID-19 аныкталды. Ушуну менен төрт депутат, төрт аппарат кызматкери коронавирустан дарыланып жатат. ПЦР-тест тапшыруу иштери уланууда. Оорудан сак болуңуздар!" — деп жазган ал.
Эске салсак, буга чейин коронавирус аныкталган эки эл өкүлү Бишкектеги Республикалык жугуштуу илдеттер клиникалык ооруканасында дарыланып жатканы брифинг учурунда айтылган.
Ссылка: https://barometr.kg/dagy-eki-deputattan-koronavirus-anyktaldy
Добавить комментарий ×