Өзбекстан Кыргызстандын жарандары үчүн чек арасын ачты
Кечээ, 2-сентябрда Өзбекстан Кыргызстандан автоунаалардын киришине жана чыгышына коюлган чектөөлөрдү алып салганын билдирди. Бул тууралуу Өзбекстандын коронавируска каршы күрөшүү боюнча комиссиясынын социалдык тармагындагы маалыматка шилтеме берип “Барометр” которду.
Маалыматта, Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал жакшырууда, коронавирус эпидемиясын жуктуруп алгандардын саны күн сайын азайганы айтылат.
Комиссия кирүү жана чыгуу процедураларындагы эрежелерди белгиледи:
Акыркы 14 күндүн ичинде Кыргызстанда болгон же акыркы үч күндүн ичинде өткөн COVID-19 үчүн ПЦР-тестинин терс натыйжасы жөнүндө күбөлүгү бар адамдар Өзбекстанга кирүүдө карантиндик көзөмөлгө алынбайт;
Кыргызстандан чыгып кеткен жана ушул өлкөнүн аймагында болгон Өзбекстандын жарандары киргенде карантиндик көзөмөлгө алынбайт;
Чек арадан өтүү үчүн төмөнкү өткөрүү пункттары ачык: "Достук", "Кызыл-Кыя", "Кадамжай", "Маданият" жана "Баймак".
Эскерте кетсек, Өзбекстан Кыргызстан үчүн чек араларын ачкан экинчи мамлекет болду. Буга чейин Түркия Кыргызстанга коюлган чектөөлөрдү алып салган.
Ссылка: https://barometr.kg/dagy-bir-respublika-kyrgyzstandyn-zharandary-chn-chek-arasyn-achty
Добавить комментарий ×