Зилалиевдин "форма жарашат экен" дегенин "бомба жарылат» деп уккан курсанттын угуусун текшерүү керекпи?
Бүгүн, 19-декабрда, маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, инаугурация күнү коюлган бомба тууралуу иштин чоо-жайын түшүндүрүп берди.
Эске салсак, кечээ, 18-декабрда, Зилалиевди УКМК суракка чакырткан. Анын жүрүшүндө, ИИМ Академиясынын курсанты менен сүйлөшүү процесси өткөрүлгөн, ал эми укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, ал кызга өкмөт жолундагы бомба жөнүндө кыязы Зилалиев айткан.
Зилалиев өз кезинде курсант кызга эмнелерди айтканын түшүндүрдү.
"Мен ага: Чоң кыз сизге форма жарашат экен! Кокардыңызды оңдоп алыныз, жылып кетиптир", - деди Зилалиев.
Ал эми кызга Зилалиевдин "форма жарашат экен" деген сөзү "азыр бомба жарылат» деп угулуп кеткен.
Эске салсак, буга чейин «Дело №1» гезитинде инаугурация күнү өкмөт жолунда коюлган бомба тууралуу кыязы Зилалиев билдирген деген маалымат чыккан. Кийинчерээк УКМК бул факт боюнча иш козгогон. Ага карабастан Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фондунун басма сөз кызматынан, Дүйшөнбек Зилалиев бомба жөнүндө маалыматты айткан эмес деп билдиришкен. Буга карабастан социалдык тармактарда журналисттер, атайын бир максатты көздөгөн белгилүү эле бирөөлөр Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин беделин кетирип жатышат деп болжогон.
Ссылка: https://barometr.kg/content9950
Добавить комментарий ×