Фонд: Инаугурация күнү коюлган бомба тууралуу Зилалиев айткан эмес жана айтышы да мүмкүн эмес

6 декабря 2017 15:56 1129 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 6-декабрда, Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фондусунун басма сөз кызматы, Barometr.kg сайтынын, ведомство башчысы Дүйшөнбек Зилалиевге тийиштүү "Дело №" гезитине чыккан маалымат тууралуу суроосуна комментарий берип жатып, мындай билдирүү чындыкка коошпойт деп билдиришти.

Демек, бүгүн, аталган гезитте инаугурация күнү өкмөт жолунда коюлган бомба тууралуу кыязы Зилалиев билдирген деген маалымат чыккан.

Басылманын версиясы боюнча, Зилалиевди, 24-ноябрда «Ала-Арча» резиденциясында болгон президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурация аземине чакырышкан эмес.

Бирок басма сөз кызматынан расмий салтанатка чакыруу баракчасын көрсөтүштү. Анда Дүйшөнбек Зилалиев аземге чакырылганы жазылып турат.

Басма сөз кызматынан түшүндүрүшкөндөй, инаугурация күнү Зилалиев ведомствонун жамааты менен таанышкан.

"Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фондусунун жетекчиси катарында, Зилалиевдин биринчи иш күнү болчу", - деди фонддун басма сөз катчысы Махабат Мансурова.

"Ал эми бомба коюлду деген маалыматка келсек, фонддун жетекчиси Зилалиев мындай билдирүүнү айткан эмес жана айтышы да мүмкүн эмес. Биз өзүбүздүн башыбыз катып турат! Азыркы тапта муну ким ойлоп тапканын жана бул кимдин чындыкка дал келбеген тамашасы экенин аныктап жатабыз", - деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content9509



Добавить комментарий