Журналисттер: Зилалиевден ким өчүн алып, ага ким тинтүү жүргүзүп жатат?

15 декабря 2017 17:06 1331 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда журналисттер, атайын бир максатты көздөгөн белгилүү эле бирөөлөр Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиевдин беделин кетирип жатышат деп болжоодо.

"Объектив" гезитинин башкы редактору Курманбек Мамбетов өзүнүн баракчасында «кимдир бирөө Дүйшөнбек Зилалиевге тинтүү жүргүзүп жатат» деп жазган.

"Ага карата ЖМК, күч органдары сыяктуу куралдардын бардык түрү колдонулган кол салуулар болуп жатат… Шамал кайдан согуп жатат деп ойлойсуӊар?»,-деп жазды журналист.

Интернет колдонуучулар жана айрым кабарчылар Зилалиевге каршы ким буйрутма бергендиги тууралуу өз версияларын айтышты. Алардын айтымында, Зилалиев бирөөнүн жолун торогон үчүн андан эми мынтип өч алып жатышат.

 

Колдонуучулардын пикири боюнча, ЖМКларда Зилалиевге каршы буйрутма материалдар жарыяланууда.

Barometr.kg сайты, Фонддун жетекчисинен өч алуу боюнча болжолдуу далилдердин тизмесин түздү:

1. Зилалиев 2013-2017-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы болуп иштеген.

Бул арада анын чечими менен кен иштете турган 100дөн ашуун компаниянын лицензиясы жокко чыгарылган.

Бул ишканалардын ичинен чыныгы кожоюндары болуп жалгыз гана жеке жактар эмес, депутаттар, күч түзүмүнүн өкүлдөрү да болгон.

Бирок бул жерде бир учур бар – эгер бул жок кылынган лицензиялар далил болгон болсо анда эмнеге мурун эмес азыр өч алууну чечишти.

2. Аталган фонддун жетекчиси катарын Зилалиевге, мамлекеттик мүлктөрдү анын ичинде 2010-жылдагы окуядан кийин улутташтырылган объекттерди менчиктештирүү боюнча бир катар тапшырмалар берилген. Бул мүлктөрдү приватизациялоо мурунку кожоюндар үчүн пайдасы жок, анткени алар азыркыга дейре менчигин сот аркылуу кайтарып алууга аракет кылышууда. Бул жерде кеп Мегаком ишканасы туурасында жүрүп жатат. Буга, Максим Бакиевдин коттедждерин сатуу менен байланышкан чатак далил. Объект аукцион аркылуу ишке ашырылгандан кийин, соцтармактарда Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фонддуна карата каршы чыгуулар болгон.

3. "Дастан" заводу. Буга чейин депутаттар аталган заводду менчиктештирүүнү бир нече ирет сунуштаган. Бирок Фонд мекемени сатууга шашпайт. Анын үстүндө, аскер завод биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча киреше менен чыккан.

Заводдун профилин эске алганда, бул ишкананы сатып алууга абдан олуттуу кишилер кызыккан деп болжосо болчудай.

Эске салсак, буга чейин «Дело №1» гезитинде инаугурация күнү өкмөт жолунда коюлган бомба тууралуу кыязы Зилалиев билдирген деген маалымат чыккан. Кийинчерээк УКМК бул факт боюнча иш козгогон. Ага карабастан Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фондунун басма сөз кызматынан, Дүйшөнбек Зилалиев бомба жөнүндө маалыматты айткан эмес деп билдиришкен.

Ссылка: https://barometr.kg/content9846



Добавить комментарий