2 секунд ичинде бут кийимдин ыңгайлуулугун кантип билсе болот?
Бийик такалуу туфли - бул бир өмүр жазылып бүтпөгөн роман, бирок ошол эле маалда жаракат да кылат. Бир кийип көрүп анын ыңгайлуу же ыңгайсыз экенин айтуу кыйынга турат. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Ал эми интернет дүкөнү аркылуу сатып алууну ойлосоңуз, анда эч кандай кепилдик жок. Ага байланыштуу биз сиздерге бут кийимди бир көрүп анын ыңгайлуу же ыңгайсыздыгын кантип билсе боло тургандыгы тууралуу сөз кылмакчыбыз.
Көрсө, ыңгайлуу бут кийимди тандоого байланыштуу ыкма бар экен. Бул үчүн болгону эки секунд жана бир көз караш гана керек!
Бут кийимди кийген кездеги негизги фактор - таман менен согончоктун арасындагы аралык. Канчалык алыс болсо ошончолук (аз дегенде 3 сантиметр) бут кийимди кийүү ыңгайлуу.
Эгер ортодогу аралык жакын болсо туфли ошончолук бийик жана салмак буттун башына барып тирелет.
Ошондуктан дүкөнгө бут кийим сатып алуу үчүн барганда сызгыч же сантиметр лента ала барыңыз. Бул күлкүлүү көрүнгөнү менен биринчиден кимдин кандай иши бар жана экинчиден сиз бутуңузду ойлогон болосуз.
Канчалык көп кийип көрсөңүз (5 мүнөт дүкөндө кийип ары-бери бассаңыз) ошончолук жакшы.
Ал эми эгер бут кийимди интернет магазинден сатып алып жатсаңыз анда сатуучудан өлчөмүн тактап сурагынды унутпаңыз!
Ссылка: https://barometr.kg/content13900
Добавить комментарий ×