Чыпалак Баатырды интернеттеги кытайларга карата айтылган сөздөрү үчүн милиция чакырды
Бөлүшүү:
Чыпалак Баатырмын деп өзүн баатырга теңеп келген Зарылбек Аликеновду интернеттеги кытайларга карата айтылган сөздөрү үчүн милиция чакырган. Ал өзүнүн инстаграм баракчасына кытайлар Кыргызстанды басып жаткандыгы, кыргыз кыздар кытайларга турмушка чыгып, этникалык кыргыздар кордук көрүп жаткандыгы тууралуу айтып, патриотторду биримдикке чакырган видеосун чыгарган.
Ошондой эле кытайларды чек арадан өткөрбөө тууралуу дагы чакырык таштаган.
Ушундай видео интернетке чыккандан кийин Ысык-Ата райондук ИИБине милиция кызматкерлери Зарылбек Аликеновду алып барышып алдын-ала козутуу иштерин жүргүзбөө тууралуу профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин коё беришкен.
Добавить комментарий ×