Чыныбай Турсунбековдун кызы: 24 жылдан кийин “Акун” пансионаты жер участогу жок сатылган деп жатышат

26 декабрь 2022 11:14 1444 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Маркум депутат Чыныбай Турсунбековдун кызы “Акун” пансионатынын жери мыйзамсыз менчиктештирилген деген УКМКнын билдирүүсүнө жооп кайтарды. Бул тууралуу Айдай Турсунбекованын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ал пансионаттын жери мыйзамдуу сатылып алынганын айтып, УКМКнын билдирүүсүн төгүндөп, соттон адилеттүү чечим күтөрүн жазды.

“Кечээтен бери биздин пансионаттын тагдырына абдан кабатырланган, көптөгөн кайдыгер эмес адамдар мага жазып да, чалып да жатышат. Ошондуктан кырдаалга байланыштуу бир аз маалымат берүүнү туура көрдүм.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 23-июнундагы №379 токтому менен 1998-2000-жылдарга мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасы бекитилген. Сатыкка 32 пансионат коюлуп, анын ичинде «Чынар» пансионаты дагы бар эле.

1999-жылы тендерге катышып, “Чынар” пансионатын белгиленген нарктан жогору баада сатып алганбыз. Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык «Мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүдө жер участогунун наркы мүлктүк комплекстин наркына кошулат». 

Башкача айтканда пансионатты сатып алууда жер тилкесинин баасын да төлөп бергенбиз.

Бизде пансионатты алып-сатуунун мыйзамдуулугун тастыктаган бардык документтер бар. Жада калса кабыл алуу актысы да бар, ага ылайык бизге кыймылсыз мүлк эле эмес, тротуар, жолдор, спорт.аянтчалары, жашылдандыруу, канализация жана водопровод системалары да өткөрүлүп берилген.

Эми минтип 24 жылдан кийин пансионат жер участогу жок сатылган деп жатышат.

Сот адилет чечим чыгарат деп ишенебиз”, -деп жазды.


Ссылка: https://barometr.kg/chynybaj-tursunbekovdun-kyzy-24-zhyldan-kijin-akun-pansinaty-zher-uchastogu-zhok-satylgan-dep-kuru-doomat-koyuup-zhatyshat



Добавить комментарий