Чыныбай Турсунбеков сотко жана укук коргоо органдарына: "Мыйзам менен иштегиле, ачыкка чыга турчу фактылар бар"
Ачыкка чыга турчу фактылар бар деди депутат Чыныбай Турсунбеков бүгүнкү 23-январда парламентте болуп жаткан талкууда Башкы прокуратурага жана укук коргоо органдарына суроолорду берип жатып.
Анда депутат: "Эгерде сотко күбө катары бирөөнү чакырып, ал кокусунан чыгып баратып жабыркап калса, ишти кандай козгойсунар? Аны чакырган сотторгобу же тергөөчүгөбү, же факты менен козголобу? Позициянар кандай?"-деген суроону берди.
Буга прокуратуранын өкүлдөрү иш факты жүзүндө козголоорун айтышты. Ал эми ички иштер министрлигинен дагы факты менен козголоорун билдиришти.
Ошондой кырсыктан 100 катталса, жүз башка жерде козголобу же бирөөнө элеби? Негизи бардыгы мыйзам чегинде аткарылышы керек. Эмне жөнүндө айтаарымды силер жакшы билесинер. Башка кызыкчылыктарды ортого салсаңыздар элдин ишеними кетет силерден-деди. Буга Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дуйшембиев: "Ошондой факты болсо алып келиниз, айтыңыз, сиз суроо берип жатасыз, биз жооп беребиз. Факты менен айтсаңыз"-деп жооп берди.
Андай фактылар бар, керек болсо аны да ачыкка чыгарабыз- деди депутат Чыныбай Турсунбеков.
Учурда сот-реформасы тууралуу жаңы кодекстер талкууланып жатат.
Добавить комментарий ×