Чынгыз Джумагулов абактан бошотулду
Бөлүшүү:
Криминалдык дүйнөдө “Дөө" деген каймана аты бар Чынгыз Джумагулов мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу абактан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматына таянуу менен “Барометр” билдирет.
Буга чейин Джумагулов Кылмыш жаза кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүмү (бейбаштык) менен күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган.
Джумагулов тиешеси бар делип эсептелген кылмышка шектелип кармалган Марсбек Тентиев жана Ильяс Айдакеев 13 жылдан абакка кесилишкен.
Ссылка: https://barometr.kg/chyngyz-dzhumagulov-abaktan-boshotuldu
Добавить комментарий ×