Чындап эле өзүн сүйгөн аял эмнелерди кылыш керек?
Жаңы туфли, көбүктөгөн ванна, таттуу шоколад... Көпчүлүк айымдар ушунун баары өзүнө кам көрүп, өзүн жакшы көрүүнүн жолу деп эсептешет.Чындыгында андай эмес. Өзүнө кам көрүп сүйгөн аял төмөнкү иштерди жасаш керек?
Дайыма дарыгерге текшерилип туруу
Романтикалуу эмес угулса дагы өтө практикалык иш. Дал ушунун өзү сиздин бактылуу келечегиңизге салынган салым болуп саналат. Чың ден соолукта болгон аял гана башкаларды-карьераны, үй-бүлөнүн, хоббини алып кете алат. Дарыгерге милдеттүү түрдө барып текшерилүүгө акча аясаңыз жаңылышасыз.
Жакшы айлана-чөйрө
Сиздин айлаңызда наалыган курбулар көп болсо, сиздин жасайм деген ишиңизге дем берип турбаса алардан кол үзүңүз. Позитивдүү, кызыктуу, максатка умтулган адамдар менен достошуп, ошондой адамдар менен сүйлөшүңүз!
Гармониялуу мамилелер жана жеке керт башыңызды сыйлай билүү
Чындап өзүнө кам көрүү бул күйөөгө чыгып, апаңыз небере күтүп жатат деп бала төрөп, өзүңүздү баалабаган эркекке жашооңузду кор кылуу эмес.Бул өзүн бактылуу кылып жана башкаларды бактылуу кыла билүүчүлүк, бул өзү сүйүү жана башкалардын сүйө билүүсүнө уруксат берүү.
Инвестиция
Жаңы кийимдерге акча коротуу, айлыктан айлыкка жашап өмүр бою бага турган эркекти күтүү бул эч жакка алып барбаган жол. Өзүңүзгө ар дайым ишенимдүү болгуңуз келсе, жумуштан бошоп кетүүдөн, акчаңыз жок калуудан корксоңуз, дайыма кирешеңиздин он пайызын ай сайын чогултуңуз.
Билим алуу
Эң мыкты салым бул унаа же жаңы айфон эмес. Бул билим жана жаңы жөндөмдөр. Азыр жашоо тез өнүгүп бара жатат. Бир кесиптер жок болуп, экинчилери пайда болууда. Роботтор бара-бара жумушчу орундарды ээлешүүдө.Ошондуктан дайыма өнүгүүнүн билим алуунун үстүндө болуңуз.Жаңы горизонтторду багынтыңыз!
Өзүңүздүн жеке бизнесиңиз болсун!
Эгерде өз ишиңизди баштоону кыялданып жүрсөңүз коркпоңуз. Стартты баштаңыз. Бул үчүн сиздин гана каалоо керек. Ай сайын айлык күтүп отургандын кереги жок!
Ушунун баары чыны менен өзүн сүйгөн, өзүнө кам көргөн аялдын иши, анда алдыга кетиңиз!
Ссылка: https://barometr.kg/chyndap-ele-zn-sjgn-ayal-emnelerdi-kylysh-kerek
Добавить комментарий ×