Чынбы же кур убадабы? Транспорт министрине талапкер Бейшенов эмне кылаарын айтты
Транспорт жана жолдор министри кызматына талапкер Жанат Бейшенов биринчи коррупция менен күрөшөм, экинчиден жолдордун сапаттарын карайм, үчүнчүдөн аймактардагы жолдорду өнүктүрүүгө аракетимди жумшайм-деди. Бул туурлуу ал бүгүнкү Жогорку Кеңеште болуп жактан жыйында депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.
Депутат Марлен Маматалиев транспорт жана жолдор министри кызматына талапкер Жанат Бейшеновдон министр болуп шайланса кандай багытта иш алып бара тургандыгы тууралуу сураган.
Эске салсак, бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Учурда ар кандай маселелер каралууда.
Күн тартипке ылайык, жыйында 10 маселе каралат. Транспорт жана жолдор министринин кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлиги каралып жатат.
Андан сырткары, "Үрөн жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору, "Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланат.
Добавить комментарий ×