Чынара Токонованы акыркы сапарга узатуу зыянаты Сокулукта өтөт

5 ноябрь 2019 10:58 5257 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Журналист Чынара Токонованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 6-ноябрь күнү Сокулук районунун Новопавловка айылында өтөт. Бул маалыматты маркумдун жакындары кабарлады

Эске салсак, журналист Чынара Токонова 37 жаш курагында оорудан улам кечээ, 4-ноябрь күнү, көз жумган. Ал экинчи ирет инсульт илдетине кабылып, ооруканада эле.

"Чынаранын сөөгү эртең Новопавловка айылындагы Алтын-Ордо жаңы конушундагы өзү жашаган үйдөн саат 10.00дө чыгат", — дешти жакындары.

 Ал кыргыз телерадиосунда 2000-жылдардын башынан бери эмгектенип келген. Алгач КТРКнын "Жаш толкун" радиосунда иштеген. Кийин НТС каналында, "Санжыра" радиосунда, Булан институтунда эмгектенген. Акыркы кезде 5-каналда "5-элемент" автордук программасын даярдап жүргөн.




Ссылка: https://barometr.kg/chynara-tokonovanyn-zyyanaty-kachan-kajsy-zherde-bolot



Добавить комментарий