Чынар Капарова: “Акыркы учурлардагы ар башка оюндар менин каалоомду четке какты”

18 февраль 2019 09:53 2570 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok


Бүгүн, 18-февралда Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРКнын) башкы директорлугуна талапкерлердин арызын кабыл алуу аяктайт.

Эске салсак, 2019-жылдын 18-январында КТРКнын башкы директору кызматына ачык сынак жарыялаган. Сынакка катышуучу талапкерлер 2019-жылдын 18-февраль күнү саат 17.00гө чейин КТРКнын Байкоочу кеңешинин катчылыгына (Кыргыз Республикасы, 720010, Бишкек шаары, Жаш Гвардия бульвары 59) документтерин жабык конвертке салып, "КР КТРК башкы директору кызматы сынагына" деген белги менен жөнөтүү керектиги айтылган.

Бул тууралуу Чынара Капарова Facebook баракчасына жаңы келе турган башкы директордун ишине ийгилик каалап өз пикирин жарыялады:

“Бул сынакка катышуу ниетим бар эле. Бирок өзүңүздөр күбө болгондой, акыркы учурлардагы ар кандай оюндар менин бул каалоомду четке какты. Сынакка катышып жаткан ар бир талапкер тиешелүү ишенимди алмайын өтпөй тургандыктарын жакшы билишет. Бирок катышып, программасы аркылуу өзүнүн дараметин элге көрсөтүп, упай алуу максаты дагы колдоого алаарлык. Анан калса илгери үмүт деген бар эмеспи. Албетте, тиешелүү жак колдоо берген талапкер бул жолу ийгиликтүү жана туура тандалаарынан үмүт кылалы. Тиешелүү жак коомчулуктун да пикирин угуп, сый мамиле жасайт деп ишенели! Болочок башкы директордон эң негизгиси адамгерчилик, жигиттик сапатты тилейли! Тиешелүү жактын макулдугу жок Байкоочу кеңеш деле өз билгенин жасай албасы айтпасак да белгилүү.

Менин жеке оюмда Байкоочу кеңеш жоготуп алган ишенимин кайтарып, элге ак жана адал иштеп жатканын көрсөтүү үчүн Илим Карыпбековдун талапкерлигин колдобойт. Бул аркылуу БК коомдун ишенимине ээ болот да, тиешелүү жактын тандоосун колдоп берет же тескерисинче Байкоочу кеңештин курамында калыстыктан тайбаган, ачуу чындыкты түз айткан Ж. Бакашева, А. Асанова, А. Болгонбаев өңдүү саналуу эже-агалар бар. Бирок алар тилекке каршы азчылык! Эмне дейм, жаңы келе турган башкы директордун ишине ийгилик!” - деп өз пикирин жазып чыкты.

Ссылка: https://barometr.kg/chynar-kaparova-akyrky-uchurlardagy-ar-bashka-oyundar-menin-kaaloomdu-chetke-kakty



Добавить комментарий