Чыңгыз-Дөө Бишкекте кармалды

12 апрель 2019 10:08 1699 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Чынгыз-Дөө 11-апрелде Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.   

Буга чейин маалымдалгандай, 9-апрелде белгисиз адамдар оорукананын жанына 1974-жылы туулган Талас областынын тургуну Ильяс Абдыкадыровду, 1983-жылы туулган Урмат Асылбековду таштап кетишкен.

 Алар ИИМдин атайын каттоосунда Улан Токтосуновдун (Сакал) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү катары турушкан. Экөө тең ооруканада каза тапкан.

Бул кылмыш иши боюнча эки шектүү кармалып, ал эми Чыңгыз-Дөө деп аталган каймана аты бар Чынгыз Джумагуловго издөө жарыяланган. Кечээ кечинде укук коргоо кызматкерлери аны кармашты.

Ссылка: https://barometr.kg/chygyz-d-bishkekte-karmaldy



Добавить комментарий