Чыңгыз Айтматов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде унаалар өтүү үчүн өтмөк ачылды

10 май 2023 12:04 942 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чыңгыз Айтматов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде унаалар өтүү үчүн өтмөк ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, Ч.Айтматов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде унаалар өтүү үчүн өтмөк ачылды.

“Ч.Айтматов проспектиси боюнча Лев Толстой көчөсүнөн Сейтек мектебине чейинки тилкеде ишкана жолду жана тротуарды реконструкциялоодо.

Жолдун өтүүчү бөлүгүнө асфальт төшөлүп, бордюрлар орнотулуп, жол сызыктары түшүрүлүп, жол белгилери орнотулду. Учурда тротуарды даярдоо жана бетон плиталарын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган тилкеде унаалар өтүүчү жол жок болуп, тротуар жараксыз абалга келген”, -деп айтылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/chygyz-ajtmatov-menen-lev-tolstoj-kchlrnn-kesilishinde-unaalar-t-chn-tmk-achyldy



Добавить комментарий