Депутат: «Чыгышэлектро» Нарындагы бөлүмдө иштеген 46 адамды кыскартат экен

30 январь 2020 10:40 2283 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Кайрылуулар түшүп жатат, «Чыгышэлектро» команиясынын Нарындагы бөлүмүндө иштеген 46 адамды кыскартат экен. Кыязы, административдик бөлүгүн кыскартып, каржылык абалын жакшыртат имиш". Мындай пикирин Чыныбай Турсубеков парламенттин жыйынында айтты.

"Мындай ойлонулбай жасалган ар алабарман аракеттер жергиликтүү калкты кыйынчылыктарга кептейт, ашыкча убарага салат. Эмне, нарындыктар эми өз маселелерин Балыкчыга барып чечишеби? - деди депутат.

«Нарында жашаган адамдардын турмушу көбүнесе бюджеттик каражатка байланган, муну эгерим эстен чыгарбаш керек. «Чыгышэлектро» команиясынын Нарындагы бөлүмүндө иштеген 46 адамды кыскартып, анын административдик бөлүгүн Балыкчы шаарына которуп койсо эле, компаниянын каржылык абалы оңолуп, көйгөйлөр чечилип, адамдардын турмушу жакшырып калбайт», - деп кошумчалады депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/chygyshelektro-komaniyasynyn-naryndagy-blmnd-ishtegen-46-adamdy-kyskartat-eken



Добавить комментарий