Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа күйүп кетти (Видео)
Бүгүн, 12-августта Жалал-Абад облусунун Токтогул районда күйүүчү май ташыган унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Алдын ала маалымат боюнча, Бишкек-Ош унаа жолунун 239-чакырымында (Чычкан капчыгайы) күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын прицеп-цистернасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
"Өрттү өчүрүүгө саат 12:19да Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Өрт ачык аянтта куураган чөпкө өтүп кеткендигине байланыштуу кошумча 24 куткаруучу, Токой чарбачылыгынан 9 кызматкер тартылды", - деп айтылат маалыматта.
Унаалардын өтүүсү ЖКККББ тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Ссылка: https://barometr.kg/chychkan-kapchygajynda-zholdo-rt-chykty
Добавить комментарий ×