Чу суусунун жанынан белгисиз жарандын жансыз денеси табылды. Туугандары изделүүдө

25 январь 2019 17:03 1101 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек-Торугарт унаа жолунун 700 чакырым аралыгында Чу суусунун жанында жашы болжолу 30-35 жаштардагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук ИИБинен маалымдашты. 

Маалыматта берилгендей, 2019-жылдын 9-январында суунун жээгинен жансыз дене табылганы тууралуу Ысык-Ата райондук ИИБине маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге барышып, суудан 33 км аралыкта жансыз денеси табышкан. 

Белгисиз жарандын бою 165-170см жана эч кандай күч колдонуулардын белгилери жок.

Кийген кийимдери кочкул көк түстөгү «Адидас» деген жазуусу бар спорттук шым, "Пума" деп жазылган кызыл жакалуу көк түстөгү футболка. 

Аталган окуя Бирдиктүү реестрге катталып, жансыз денени таануу боюнча Ысык-Ата райондук милиция бөлүмунө төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюну өтүнөт. 

Тел: 0(312) 61-69-07, 0(701) 88-62-95, 
0(707) 25-79-02 жана «102» кызматына. 



Ссылка: https://barometr.kg/chu-suusunun-zhanynan-belgisiz-zharandyn-zhansyz-denesi-tabyldy-tuugandary-izdeld



Добавить комментарий