Чөп чаап жүргөн кызды самолет сүзүп кетип каза тапты
Бөлүшүү:
Канаданын Монреал шаарынан 37 чакырымдай алыс турган Сен-Эспри аэродромунда кырсык болду, чөп чаап жүргөн кызды жеке менчик учак сүзүп кетип каза тапты. Бул тууралуу regnum.ru булагына шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.
20 жаштагы кыз чөп чаап жүргөн маалда аны чакан учак сүзүп кеткен. Дарыгерлер ооруканада кыздын өмүрүн сактап кала алышкан жок.
Кыз газонокосилка менен учуучу-конуучу тилкеге жакын жерде иштеп жүргөн, ага учактын бир канаты урунган.
Жеке учак Кытайдын Nanchang CJ-6 же Россиянын Як-52 болушу мүмкүн экени кабарланууда.
Учкуч шок абалында калгандыктан аны дагы ооруканага жеткиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/chp-chaap-zhrgn-kyzdy-samolet-szp-ketip-kaza-tapty
Добавить комментарий ×