Чолпон-Атада самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт

10 август 2023 16:15 1490 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 22-23-август күндөрү, Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда эркектер жана кыз-келиндер арасында күжүрмөн жана спорттук самбо боюнча Дүйнө кубогу өтөт.

Мелдешке 15ке жакын өлкөдөн 400дөй спортчунун катышуусу күтүлүүдө.

Чемпионаттын алкагында төмөнкү салмак категорияларда беттештер өтөт:

Эркектер (спорттук самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;

Кыз-келиндер (спорттук самбо): 50, 54, 59, 65, 72, 80, +80 кг

Эркектер (күжүрмөн самбо): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг;

Кыз-келиндер (күжүрмөн самбо): 59, 65, 72 кг.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда бринчи жолу самбо боюнча Дүйнө чемпионаты өткөн.


Ссылка: https://barometr.kg/cholpon-atada-sambo-boyuncha-djn-kubogu-tt



Добавить комментарий