Коронавирус табылган үч жаран менен чогуу учуп келген 8 кишинин анализи таза чыкты
Бөлүшүү:
Баткен облусунун Сауд Арабиясына барган, карантинге алынган 8 кишинин анализинен коронавирус табылган жок. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы басма сөз кызматы билдирди.
Бул сегиз жаран Сузак районундагы коронавирус оорусу табылган үч жаран менен чогуу бир авиакаттамда Кыргызстанга келишкен болчу.
Эске салсак, Кыргызстанда ушул тапта коронавирус үч кишиден табылган. Алар Сауд Аравиясына умрага барып кайткандар.
Ссылка: https://barometr.kg/choguu-bir-aviakattamda-kelgen-batkendikterden-koronavirus-tabylgan-zhok
Добавить комментарий ×