Чоң-Кеминде окуучулар балаты кыябыз деп тоого барышкан. Түшүп келе жатып окуучунун аты жардан сууга кулап кеткен
Чоң-Кеминде сууга кулап каза болгон 11-класстын окуучусу тууралуу мектеп директору Нургүл Ашыралиева үч окуучусу мектепке балаты орнотобуз деп кыйып келүүгө аттары менен тоого чыгып кетишкен.
Анын айтымында мектепке балатыны 22-23-декабрларга ейин орнотуу керектигин дене-тарбия мугалимине тапшырган. Ошол күнү мугалим куран окутууга кетип калгандыктан, кароолчу барууга туура келет. Жолдон кароолчу үч баланы көрүп, артка кетуүлөрүн айткан. Бирок, балдар мектепке балатыны өздөрү тандайбыз деп макул болушкан эмес. Жардын кыры менен түшүп бара жатышканда бирөөсүнүн аты ылдый кулап кеткен. Өздөрү жардам кыла албагандыктан, айылдыктарды чакырышкан. Баланын жансыз денеси түнкү саат 00:00до табылганы айтылды.
Маалыматтарга ылайык, каза болгон окуучу төрт баланын кичүүсү болгон. Апасы Түркияда иштегени маалым болду.
Добавить комментарий ×