Чоң-Кемин дарясына авто унаа кулап 2 адам көз жумду
Бөлүшүү:
Чүй облусунун Кемин районунда Чоң-Кемин дарыясына жүк ташуучу унаа кулап кетип, жыйынтыгында 2 адам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 22-ноябрда ӨКМнин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу башкарууну жоготуп жолдон чыгып кеткен. Жыйынтыгында унаа дарыяга кулап анын ичиндеги 2 жаран көз жумган.
Алар 41 жана 42 жаштагы жарандар экендиги аныкталды.
Окуя болгон жерге ӨКМнин куткаруучулары барып, курман болгондорду милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.
Ссылка: https://barometr.kg/cho-kemin-daryasyna-avto-unaa-kulap-2-adam-kz-zhumdu
Добавить комментарий ×