Чоң-Фергана каналына түшүп кеткен жеңил унаа чыгарылды
Ноокен районундагы Чоң-Фергана каналына түшүп кеткен жеңил унааны чыгарышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 7-июнь күнү Бүргөндү айыл аймагынын Ношкен айылында Чоң-Фергана каналына “Honda Stream” үлгүсүндөгү жеңил унаа түшүп кеткен. Жабыркагандар жок. Унааны чыгарып берүүгө көмөк көрсөтүү максатында, КР ӨКМдин РӨКОнун Таш-Көмүр шаардык №2 өзүнчө издөө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, суунун агымы катуу болгондугуна байланыштуу иш-чаралар саат 20:00дө убактылуу токтотулган. Бүгүн чыгаруу иштери жанданып, унаа суудан чыгарылып ээсине тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/cho-fergana-kanalyna-tshp-ketken-zheil-unaany-chygaryshty
Добавить комментарий ×