Чоң Чүй каналынан жансыз кишинин денеси табылды

25 июнь 2018 20:10 1293 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин басма сөз кызматынан  кабарлашты. 

Маалыматка караганда, 24-июнда Чоң Чүй каналына 1976-жылкы С.А., аттуу жарандын чөгүп кеткендиги тууралуу билдирүү келип түшкөн. 

Куткаруучулар окуя болгон жерге барып, сууга чөккөн кишинин сөөгүн алып чыгышып туугандарына өткөрүп беришти.

Ссылка: https://barometr.kg/cho-chj-kanalynan-zhansyz-kishinin-denesi-tabyldy



Добавить комментарий