Чоң-Арыкта соттун адилетсиз чечимине нааразы болгон киши өзүн-өзү өрттөмөк болду

17 июль 2019 16:00 4508 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Бишкекке жакын Чоң-Арык айылында эркек киши өзүн жана үйүн сот адилетсиз чечим чыгарды деп өрттөөгө аракет кылды. Окуя 16-июлда болду.

Окуя болгон жерден тартылган видеону “Фейсбук” социалдык тармагынын колдонуучусу Мирбек Асаналиев жүктөдү. Анын айтымында эркек киши мындай аракети менен соттун чечимине нааразылык билдирмек болгон.

Дагы бир колдонуучу Максатбек Казакбаев эркек кишини сот өзүнүн үйүнөн чыгаруу тууралуу чечим кабыл алганын жазды.

“Бул киши Россияда 10 жыл жашап, аталган үйдү 9 миң долларга кызыл китеби менен сатып алган. Сатып алгандан кийин Россияга кеткен, төрт жылдан кийин келип соттун мыйзамсз чечиминен улам анын үйү башка кишиге берилип кеткенин билген”,-деп жазды ал.

Ал ошондой эле жабырлануучунун жубайы мындай чечимден улам инсульт болуп ооруканага жатканын кошумчалады.

Ссылка: https://barometr.kg/cho-arykta-sottun-adiletsiz-chechimine-naarazy-bolgon-kishi-zn-z-rttmk-boldu



Добавить комментарий