Чоң-Алайда жер титиреди

20 апрель 2021 10:16 3294 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чоң-Алай аймагында жер титирөөнүн күчү үч баллга чейин жеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 19-апрелде Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 21:58де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

"Жер титирөө Чоң-Алай районунун Шибэ айылында - 3 балл, Карамык, Кулчу, Жар-Башы, Чак айылдарында - 2,5 балл жана Доорот-Коргон айылында - 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/cho-alajda-kch-ch-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy



Добавить комментарий