Баткенден Чүйгө келе жаткан унаанын ичинен алты килограмм героин табылды
Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдөгү оор баңгизатты сатуу менен алектенгендерди аныктоо жана алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча атайын операция ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы билдирди.
Натыйжада, 2019-жылдын 11-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Ысык-Ата районунун стационардык постунан автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда 1986-ж.т., А.А. аттуу жарандын сумкасынан ак түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзасыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча катталган. Химикалык экспертизанын корутундусунун негизинде табылып алынган зат 6 кг 140 грамм салмактагы «героин» баңги каражаты экендиги аныкталды. Кызматтын кызматкерлери тарабынан мындан аркы атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү учурунда 13-декабрь күнү Баткен облусунда туруктуу каналды жөндөгөн, 1968-ж.т., жаран Р.У. кармалган. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн иштери уланып, кылмышка шектүү жактар УКЖга киргизилген.
Ссылка: https://barometr.kg/chjdn-bagizat-karmaldy
Добавить комментарий ×