Чүйдө өзүн-өзү атып алган прапорщиктин иши тууралуу аскер прокуратурасы иликтөө иштерин баштады
Бөлүшүү:
Чүйдө өзүн-өзү атып алган прапорщиктин иши тууралуу аскер прокуратурасы иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы борборунун басма сөз кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, окуя болгон күнү №16 түзөтүү колониясына барып, сурак иштерин жүргүзүшкөн. Прапорщиктин жанынан кат табылып, катта жетекчилик, чогуу иштегендердин тиешеси жок экендиги жазылып кеткен.
Ал эми, Super.kg маалымат басылмасы прапорщиктин сүйлөшкөн кызы муунуп каза болуп, ошондон улам өлгөндүгү тууралуу өздүк булактар билдирди деп жазышты.
Учурда бул окуя боюнча аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.
Добавить комментарий ×