Кайыңдыда 22 жаштагы жигитти атып, качып кеткен жаран кармалды

26 апрель 2021 11:57 1070 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кайыңды шаарында базардын жанынан 22 жаштагы жаранда атып кетишкен. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет  

Кечээ, 25-апрелде Панфилов районунун Ички иштер бөлүмүнө 102-кызматы аркылуу Кайыңды шаарындагы базардын жанында эркек кишинин мылтыктан жаракат алгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн. 

Бул факт Панфилов районунун Ички иштер бөлүмүнүн КЖБР КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 266 (бейбаштык) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 25-апрелге караган түнү саат 01:30 чамасында бир нече баладан турган эс алуучу компанияга, алардын жанынан өткөн эки жигиттин ортосунда кичинекей оозеки пикир келишпестик болуп, жыйынтыгында , өтүп бара жаткан экөөнүн бири жаш жигиттерди көздөй эки жолу ок чыгарып, белгисиз тарапка иизин суутуп кеткен. Бардык жагдайлар такталууда. Натыйжада, 22 жаштагы П.Б. денесине эки ок тийген жаракаты менен ал райондун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган кылмышка шектүү катары Кайынды шаарынын 27-жаштагы А.А. аттуу жергиликтүү тургуну кармалган. 

Керектүү экспертизалар дайындалды. 

Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды. 

Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/chjd-z-ara-kelishpestikten-22-zhashtagy-zhigit-zharakat-aldy



Добавить комментарий