Чүйдө жол кырсыгынан жаш бала каза болуп, 4 жаран жабыркады
Бишкек-Нарын- Торугарт айланма унаа жолунда жол кырсыктан жаш бала каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Кечээ, 16-сентябрда Ысык-Ата районунда саат 16:08де, Бишкек-Нарын- Торугарт айланма унаа жолунун 47-чакырымында (Кең-Булун айылы) Mazda 626 жана Seat үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 1 жаш бала (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 4 адам жабыркаган (1986-жылы туулган, 1993- жылы туулган, 1985- жылы туулган - эркек адамдар, 1960- жылы туулган аял киши). КР ӨКМнин №21 өртө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жеткенге чейин каза болгон баланын жансыз денесин тез жардам кызматы алып кеткен, ал эми жабыркагандарды куткаруучулар унаадан чыгарышып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-unaa-zholdo-zhol-kyrsyktan-zhash-bala-kaza-bolup-4-zharan-zhabyrkady
Добавить комментарий ×