Чүйдө өрт кырсыгынан бир киши каза болуп, дагы бирөө жаракат алды

19 декабрь 2022 13:32 971 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүйдө үй өрттөнүп, бир адам каза болуп, дагы бирөө жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 18-декабрь күнү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Восток айылынын Карл Маркс көчөсүндө  жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“Өрттү өчүрүүгө саат 16:45те Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, 16:45де чектөөгө алынган.

Тилсиз жоо саат 18:50дө толук өчүрүлгөн.

Тилекке каршы, өрттүн кесепетинен Б.О.Г. аттуу аял киши түтүнгө ууланып каза болгон. Маалыматка ылайык, аталган жаран эпилепсия оорусу менен жабыркап келген. Мындан сырткары кырсыктын кесепетинен 1986-жылы туулган В.О.Д. аттуу эркек киши жабыркаган. Куткаруучулар  жаранды үйдөн чыгарышып, биринчи жардам көрсөтүү менен ооруканага жеткиришкен”, -деп жазылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/chjd-rt-kyrsygynan-bir-kishi-kaza-bolup-dagy-bir-zharakat-aldy



Добавить комментарий