Чүйдө өрт кырсыгынан бир киши каза болуп, дагы бирөө жаракат алды
Чүйдө үй өрттөнүп, бир адам каза болуп, дагы бирөө жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, 18-декабрь күнү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Восток айылынын Карл Маркс көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
“Өрттү өчүрүүгө саат 16:45те Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, 16:45де чектөөгө алынган.
Тилсиз жоо саат 18:50дө толук өчүрүлгөн.
Тилекке каршы, өрттүн кесепетинен Б.О.Г. аттуу аял киши түтүнгө ууланып каза болгон. Маалыматка ылайык, аталган жаран эпилепсия оорусу менен жабыркап келген. Мындан сырткары кырсыктын кесепетинен 1986-жылы туулган В.О.Д. аттуу эркек киши жабыркаган. Куткаруучулар жаранды үйдөн чыгарышып, биринчи жардам көрсөтүү менен ооруканага жеткиришкен”, -деп жазылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-rt-kyrsygynan-bir-kishi-kaza-bolup-dagy-bir-zharakat-aldy
Добавить комментарий ×