Чүй районунда милициянын көчмө кабылдамасы кантип иштейт? (Сүрөт)
Чүй районунда милициянын көчмө кабылдамасы алдын алуу жумуштарын жүргүзүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Чүй облусунун аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алуу жумуштары кызуу жүрүүдө.
Чүй облусунун Чүй районунда милициянын көчмө кабылдамасы алыскы айылдарга барып, калк арасында жугуштуу илдеттин алдын алуу жана жайылтпоо максатында бир нече иштерди алып барышып, жеринде тургундардын көйгөйлөрүн чечүү жана тиешелүү кызматтарга жеткирүү иштерин жүргүздү.
“Чүй районундагы милициянын көчмө кабылдамасы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жыл башынан бери 334 жолу район аймактарына чыгып, жер-жерлерде 100 дөн ашуун ар түрдүү кайрылууларды кабыл алышып, убагында чечишти. Жарандар көчмө кабылдамага арыз даттануулардан сырткары, юридикалык кеңештерди алышып жана башка көйгөйлүү маселелерин айтышып, тиешелүү кызматтар тарабынан жооп алышты”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда жайкы эс алуу мезгили болгондуктан, өспүрүмдөр арасындагы тартип бузууларды жана башка кырсыктарды алдын алуу багытында ата-энелерге жана өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-miliciyanyn-kchm-kabyldamasy-aldyn-aluu-ishterin-zhrgzd-srt
Добавить комментарий ×