Чүйдө милиция элди көчөмө-көчө кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүздү
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан азыркы учурда жайылып жаткан коронавирус илдетин алдын алуу максатында, Чүй облусунун аймагындагы айылдарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
23-мартта ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан азыркы учурда жайылып жаткан коронавирус илдетин алдын алуу максатында, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка жана Октябрь айылдык милициянын бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлерине коомдук тартипти көзөмөлгө алуу менен калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү үчүн тескемелер өткөрүлүп, кызматкерлер бет каптар менен камсыз кылынып, иш-чараларды өткөрүү боюнча нускамалар жана көрсөтмөлөр берилди.
Аламүдүн РИИБнин Маевка жана Октябрь Айылдык милиция бөлүмчөлөрүндө жалпысынан 21-маршурут тилкеси түзүлүп 43 кызматкерлер, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана коомдук активисттер менен биргеликте Маевка, Пригородный, Нижний-Аларача, Степной, Озерный, Октябрь, Виноградный, Васильевка, Бирлик, Гроздь жана Константиновка айылдарын көчөмө көчө кыдырып жогоруда аталган айылдардын тургундарына коронавирус илдетин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/chjd-kchm-kch-kydyryptshndrm-ishteri-zhrgzld
Добавить комментарий ×