Чүй ОИИБ: Кыздар жигит талашып мушташышкан. Соц тармактагы мушташып жаткан эки кыздын видеосу тууралуу билдирүү

26 сентябрь 2020 11:39 1016 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Буга чейин социалдык тармакта эки кыздын мушташып жаткан видеосу тараган. Видеодо айосуз бири-бирин сабап жаткан кыздар жигит талашып мушташышкан. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, кыздардын ата-энеси бири-бирине арыз жазуудан баш тартышкан.

"Мушташып жаткан эки кыз 11 жаштагы Н.З. менен Д.А. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми эки өспүрүм ата-энелери менен бирге Москва РИИБине алынып келген. Териштирүү ишинде кыздар жигит үчүн урушуп, мушташып кетишкени аныкталган. Ошол эле убакта кыздардын ата-энеси милицияга арыз жазуудан баш тартышкан. Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 25-сентябрда соц тармакка мушташып жаткан кыздардын видеосу таркап, колдонуучулар тарабынан кызуу талкууга алынган.

Ссылка: https://barometr.kg/chj-oiibb-kyzdar-zhigit-talashyp-mushtashyshkan-soc-tarmaktagy-mushtashyp-zhatkan-eki-kyzdyn-videosu-tuuraluu-bildir



Добавить комментарий