Чүй облусунун тургунунан үч жарым килограммдан ашуун “апийим” баңгизаты алынды

6 октябрь 2021 11:34 1178 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери баңгизаттардын алып келүү жана сатуу каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча атайын иш-аракеттер жүргүзүлдү.Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Анын жыйынтыгында, 18-сентябрга сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, атайын тергөө амалдарынын жүргүзүү учурунда Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан мейманканалардын биринде баңгизаттарды сатуу аракеттенген 1982-жылы туулган, М.А. аттуу жаран кармалган, ал жаранды жеке кароодо ийинге салып, аркага асынып жүрүүчү рюкзагында 3 жарым килограммдан ашуун баңгизаты аныкталып алынган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, жогоруда аныкталган баңгизаты 3 кг 688 грамм “апийим” болгондугу тастыкталган.

Кармалган М.А. аттуу жаран Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык Тергөө абагына кармоо бөгөт коюу чарасы колдонулган. Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп, аталган кылмышка катыштыгы бар болгон жарандарды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/chj-oblusunun-turgununan-ch-zharym-kilogrammdan-ashuun-apijim-bagizaty-alyndy



Добавить комментарий